• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңеште ант берип, депутат болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовго Жогорку Кеңештин депутаттык күбөлүгү жана төш белгисин тапшырды.

Мындан сырткары, Атазов бүгүн парламенттин трибунасынан ант берип, кызматка киришти.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүп, анда Атазов Төлөйкан шайлоо округунан депутаттыкка аттанган. Бирок Нурбек Алимбековго жеңилип калган.

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов округунда кайра шайлоо дайындалганда Атазов кайрадан талапкерлигин көрсөткөн. Свердлов округундагы шайлоонун жыйынтыгында ал 16,28% менен экинчи орунду алган. Жеңип чыккан Абдурахманхаджи Муртазалиев добуш сатып алууга шектелип жаткандыктан, БШК аны каттоодон баш тарткан. Мындан улам экинчи орунду алган Шайлообек Атазов депутат болду.

Пикир

Оставить комментарий