• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.12.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 18-декабрь – Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Парламенттен билдиришкендей, төмөндө кайрылуунун текстти:

"Урматтуу мекендештер!

Эгемендүүлүк биздин бабалардан калган баалуу мурасыбыз. Аны көздүн карегиндей сактоо, улут катары улуу жолубузду улантуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Тилекке каршы, эгемендүүлүлүк менен катар келген каатчылык, айрым саясий катачылыктар жарандарыбыздын жашоосуна кедергисин тийгизди. Жумушсуздук жана экономикалык каатчылык миңдеген мекендештерибизди өз ата конушунан алыстатып, дүйнө кезип, турмуш кечирүүгө мажбур кылды. Чынында миграцияга кабылбаган бир да кыргыздын үй-бүлөсү жок десем жаңылышпайм. Айрыкча ата-энесин күтүп, мээримине зор болуп чоңоюп жаткан балдардын тагдыры баарыбызды кабатырлантат. Алсак, Кыргызстанда тышкы жана ички миграциялык агымдан улам 88 миңдей бала жакындарынын колунда калган. Андыктан, аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында мамлекетибиз тарабынан өлкөбүздө жумуш орундарын түзүп, мекендештерибизди Ала-Тоосуна кайтарып келүү аракети көрүлүүдө. Жасалган аракеттер жемишин берип, мекенине кайткан жарандарыбыз арбын. Ал тургай акыркы учурларда айрым тармактар боюнча жумушчуларга болгон муктаждык көбөйгөнүн көрүп жүрөбүз.

Ардактуу мекендештер!

2019-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча атайын кеңеш түзүлгөн. Кеңеш чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин иликтеп, керектүү сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу менен тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Кийин аталган кеңештин ыйгарым укуктары дагы кеңейтилип, жалпы миграция маселелеринен сырткары, адам сатуунун алдын-алуу жаатындагы жагдайларды да өз карамагына алды. Анткени, азыркы учурда адам сатуу жана ага байланыштуу башка кылмыштардын саны өсүп, бул глобалдык көйгөй кыргызстандыктарга да коркунуч туудурууда. Андыктан, аталган маселени мыйзамдык жактан көзөмөлдөп, керектүү чараларды көрүүбүз кажет.

Азыркы тапта 20дан ашуун өлкөдө аталган кеңештин 85 өкүлү иштейт. Алар Жогорку Кеңешке эле эмес, элчиликтерге, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, чет жердеги мекендештерге, айрыкча эмгек мигранттарына керектүү жардамдарды көрсөтүп келет.

Кымбаттуу чет жерде жүргөн боордоштор!

Баарыбыздын ата конуш, асыл журтубуз Ала-Тоо. Андыктан, кайда жүрбөңүздөр, кайда жашабаңыздар мекениңер жана жакындарыңар силерди күтөт! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий