• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Мамытов ЖӨБ кеңешинин директору Бектурган Орозбаевди кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулары кеңешинин директору Бектурган Орозбаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Жогорку Кеңеш, анын түзүмдөрү (парламенттик фракциялар, комитеттер, Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттерин камсыз кылууну жана кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жана тереңдетүү маселелери талкууланды.

Төрага Талант Мамытов жергиликтүү өз алдынча башкаруу - Кыргыз Республикасында башкаруунун алгачкы жана абдан маанилүү бөлүгү экендигин, калктын жалпы бийликке мамилеси көп жагынан анын абалына жана жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө көз каранды болоорун белгиледи. Ал эми Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жана контролдук ыйгарым укуктарын ишке ашырууда жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөт, мэриялардын кызыкчылыктарын жана сунуштарын эске алуусу өтө чоң мааниге ээ. Андыктан, кабыл алынган мыйзамдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамаатка тийгизген таасири боюнча тийиштүү изилдөөлөр керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаев бирикменин негизги максаттары тууралуу маалымат берип, азыркы учурда Союз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташууну жүргүзүп жана аларга тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүүгө активдүү катышып жаткандыгын билдирди. Борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын коргоо жана Союздун ишмердүүлүгүн бекемдөө максатында 2019-жылдын август айында Жогорку Кеңеш тарабынан бир нече мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Аларга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон мыйзам долбоорлорун даярдоодо демилгечи тарабынан Союз менен консультацияларды жана талкууларды өткөрүп, натыйжалары жөнүндө мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесине киргизүү керектиги аныкталган.

Бектурган Орозбаев кеңештин өкүлдөрүнө жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөт, мэриялардын сунуштарын, пикирлерин түздөн-түз Жогорку Кеңештин депутаттарына жеткирүү максатында аларга тиешеси болгон мыйзам долбоорлорун талкуулоодо Жогорку Кеңештин жана анын тармактык комитеттеринин жыйындарына катышуусуна шарт түзүү өтүнүчүн билдирди. Анын айтымында, кеңеш Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жергиликтүү калкка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийгизген таасири тууралуу баяндама даярдап Жогорку Кенештин кароосуна киргизүүгө даяр.

Жолугушуу соңунда Төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин Комитеттерине жана Аппаратка Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу менен кызматташууну күчөтүү максатында Жогорку Кеңеште каралып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкарууга тийиштүү мыйзам долбоорлоруна Союздун сунуштарын, пикирлерин эске алуу үчүн Жогорку Кеңештин жана анын тармактык комитеттеринин жыйындарына катышууга шарт түзүү боюнча тийиштүү тапшырма берээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий