• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте балдар үчүн 96 орундуу реабилитациялык борбордун курулушу башталды

Коом 0


Бишкек, 15.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушу башталды.

Борбор калаанын Исанов менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн ортосуна тургузула турган борбордун курулушуна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров капсула салды.

Жапаров балдар үчүн реабилитациялык борбор жыл аягына чейин толугу менен бүткөрүлүп, ишке берилерин айтты.

“Каражаттардын баарын таап бердик. Борборду Бишкектин кайсы жеринде болбосун салмакпыз, бирок ушул жер тандалды. Курууну президенттин иш башкармалыгынын алдындагы “Кыргыз курулуш сервис” мамлекеттик ишканасы колго алды. 2022-жылдын 1-декабрында 96 орундуу борборду ишке киргизебиз деген оюбуз бар. Буга чейин президент өз сөзүндө так айткан, ортодо айланып жүргөн мүлктөр сатылышы же улутташтырылышы керек деп. Элге пайдасы тийиши зарыл. Чекесинен башталды, баарын тартипке салабыз”, - дейт ал.

Акылбек Жапаров өлкөдө 200 миңдин айланасында майыптыгы бар жаран болсо, анын 34 миң 184ү балдар, 10 миңи дайыма бирөөнүн карамагына муктаждар экенин белгилеп кетти.

“Кыргызстанда 15тен ашык реабилитациялык борбор, 10 бала бакча, беш көмөкчү мектеп, жүздөгөн коомдук жана мамлекеттик уюмдар иш жүргүзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий