Бишкек, 6-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылы майда Бишкекте «Little Top Model» балдардын эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандагы «Beauty Company» директору Рыскүл Намазбекова билдирди.
Анын айтымында, эртең, 7-апрелде бул сынакка кастинг өтүп, ага 4-13 жаштагы бардык балдар катыша алышат. Балдар менен кыздардын жаш курак категориялары 4-6, 7-9, 10-13 жаш. Катышууга билдирмелер 7-апрелге чейин Ахунбаев 133 дареги боюнча кабыл алынат. Кастингдин башталышы 15:00.
Кастингден кийин жогорку кесиптик деңгээлде сынакка даярдыктар көрүлөт. Балдар эки ай бою “R Style Models” моделдик агенттигинде дефиле, бий, актердук чеберчилик боюнча педагогдордон жана фотосессия студиясынан даярдоодон өтүшөт”, – деп белгиледи ал.
Ошондой эле, Р.Намазбекова сынактын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын атынан эл аралык балдар сынагына катышарын кошумчалады.
Кеңири маалымат 0700 303 333 телефону боюнча.
Пикир
Оставить комментарий