• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевди эскерүү иш-чарасы өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата анын Бишкектеги эстелигине гүлчамбар коюлуп, эскерилди.

Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Апсамат Масалиевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Адахан Мадумаров жана башка бир катар мамлекттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Катышкандар Абсамат Масалиевдин басып өткөн бараандуу жолун эскеришип, анын азыркы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилешти. А. Масалиев өз элинин чынчыл, ак ниет, чыныгы мекенчил уулу катары жалпы кыргыз элине, ошондой эле азыркы кезде өсүп келе жаткан муунга үлгү болоорун айтышты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров быйыл “Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү" жарлыкка кол койгон. Мындан улам, өлкөнүн аймактарында улуу инсандын 90 жылдыгына карата иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп жатат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.

Ал СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. "Манас II", эки жолу "Эмгек Кызыл-Туу" ордендери менен сыйланган.

2004-жылдын 31-июлунда 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Маркумдн сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Пикир

Оставить комментарий