• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Бишкекте 8-июнда болжол менен саат 00.20да Жаманбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине кырсыктын күбөсү билдирген.

Маалыматка ылайык, «Дэу Нексия», «Фольксваген Гольф» жана «Ниссан Альмера» үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. Күбөнүн айтымында, кырсык «Фольксвагендин» айдоочусунун кесепетинен болгон. Ал окуядан кийин изин жашырып кеткен, бирок көп өтпөй кармалып, кырсык болгон жерге алынып келген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Фольксваген» унаасынын айдоочусу мас абалында болгон.

Кырсыктын кесепетинен «Дэу Нексия» жана «Ниссан Альмера» унааларынын айдоочулары жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Жеринде ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий