• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектеп окуучулары арасында сынак өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектеп окуучулары арасында сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда 26-октябрда саат 10:00дө Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр мамлекеттик театрында Бишкектин мектептеринде окуган окуучулар арасында сынак өтөт.

Сынакка № 10, 16, 32, 33, 35, 46 мектептердин окуучулары катышат. Программада сынактар, викториналар, концерт жана “Биринчи мугалим” чыгармасы боюнча спектакль бар.

Жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий