• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бишкекте министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Чехия, Германия, АКШ жана БАЭдеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен миграциялык саясатка байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чогулду.

Кеңештин мүчөлөрү жана жыйындын катышуучулары дипөкүлчүлүктөрдүн ишмердүүлүгүнө, продукцияны тышкы рынокко экспорттоого, виза маселесине тийиштүү, ошондой эле Кыргызстанга кайтып келгенде ишке орношууда тушуккан көйгөлөрү тууралуу айтып беришет.

Белгилей кетсек, кеңештин жыйыны күн мурун Бишкекте өткөн «Мекендештер-2023» форумунун алкагында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий