• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон эркек киши 10 күндөн кийин аман-эсен табылды

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон эркек киши 10 күндөн кийин Чүй облусунун аймагынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

“Бүгүн саат 11:00дө Ленин райондук милиция кызматкерлери Чүйдүн Сокулук районундагы кесиптештери менен биргеликте дайынсыз жоголгон адамды табышты”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-апрелде милицияга С.М. аттуу аял 1986-жылы туулган С.Б. аттуу баласы жоголгонун билдирип, кайрылган. Анын айтымында, баласы ошол эле күнү Чүй менен Павлов көчөсүнүн кесилишиндеги үйдөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий