• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад милициясы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат — видео

Аймак 0


Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды алдымчылардан сак болууга чакырган видеоролик даярдады.

Анда каржы пирамида, тармактык маркетинг, турак-жай, автоунаа, үй-тиричилик буюмдарын сатып алып берүүнү убадалаган кооперативдерге катталууда этият болуу керектиги айтылат. Ошондой эле акча салса тез арада көбөйөрүн белгилеген түрдүү криптовалюталарды сатып алууда ойлонуп чечим чыгаруу зарылдыгы белгиленет. Телефон алдамчылары дагы ар кандай жолдор менен жарандардын ишенимине кирип, каржылык чыгымга алып келиши мүмкүндүгү айтылат.

Каржы пирамидаларынын уюштуруучулары эл арасында таанымал адамдар аркылуу өз компаниясын жарнама кылууга өтүштү. Аларга батир же унаа алып беришкендигин айтып, белгилүү адамдар аны алгандыгын тастыкташып социалдык тармактарга жүктөшүүдө. Буларды көргөн карапайым адамдар араңдан топтогон акчаларын алып келип, каржы булактарына тапшырып, жыйынтыгында чыгымга дуушар болууда.

Пикир

Оставить комментарий