• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эки айдоочу уруша кетип, бири тапанча менен коркуткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Бишкекте 28-декабрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 12:00дөр чамасында Ч.Айтматов көчөсүндө жолдун ортосунда эки жаран урушуп жаткандыгын көрүшкөн.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, айтылган дарекке милиция кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын тактаган.

Анда эки айдоочу жол талашып урушуп, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркутуп жаткандыгы белгилүү болгон.

Белгисиз курал алып жүргөн 24 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий