• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Карылардын эл аралык күнүнө карата майрамдык концерт өттү

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Карылардын эл аралык күнүнө карата майрамдык концерт өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык концертке мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган, ошондой эле Свердлов районунун тургундары чакырылды.

КР эмгек сиңирген артисти Гүлназ Бекбосун кызы, КР эмгек сиңирген артисти, опера жана балет театрынын солисти Тилек Найманбаев, эстрада артисттери М.Элебесов жана И.Андаш, Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунун бий топтору, ошондой эле "Шайыр Апалар" фольклордук ансамбли концерттик программа тартуулашты.

Эл аралык карылар күнүнүн урматына мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган карыларга почта бөлүмдөрү аркылуу акча каражаттары которулду.

Пикир

Оставить комментарий