• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте «Эр Жигит» сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде Октябрь районунун «Эр Жигит» сынагы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаштарды аскердик-мекенчилдик багытта тарбиялоо максатында аталган конкурс Октябрь району тарабынан көп жылдардан бери өткөрүлүп келет.

Сынак жаштарда терең мекенчилдик сезимди, Мекенге болгон сүйүүнү ойготууга, аскер кызматына умтулууга, аскердик салттарды сактоого жана көбөйтүүгө багытталган.

Баштапкы аскердик даярдыгын Октябрь районунун 13 мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары көрсөтүштү. Өспүрүмдөрдүн даярдыктарынын деңгээлин курамына офицерлер кирген компетенттүү калыстар тобу баалады.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өттү:

- Катарда текшерү

- Автоматтарды чечүү жана куроо

- Спорттук ок атуу

- Турникке тартылуу

- Гранаталарды ыргытуу

- 100 м чуркоо

- 1000 м кросс.

Өткөн аскердик-мекенчилдик сынагында 1-орунду №62 МГ ОТК, 2-орунду №26 МГ жана 3-орунду №14 орто мектептин командалары ээлешти

Пикир

Оставить комментарий