• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Т.Сатылганов атындагы филармониянын айланасына жаңы чырактар орнотулду

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын айланасындагы сырткы жарыктандыруу түйүндөрүнө 38 даана чырактарды орнотуу менен бирге оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүздү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эми филармониянын аймагын, бышык металлдан даярдалып, сыртынан ысык боек менен капталган жаңы жарык диоддук чырактар жарыктандырат.

"Вандалдардын кылыктарынан коргой турган, чырактардын жарымынын үчтөн бир бөлүгүн камтыган атайын темир корпусу жасалган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, эгер күтүлбөгөн жерден көчөңүз караңгы болуп калса, ишкананын авариялык диспетчердик кызматы сиз үчүн ар дайым иштейт: 0312 46-30-89,57-63-51, ошондой эле WhatsApp 0777 902-115 аркылуу билдирүү калтырсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий