• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында республикалык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиишти.

Мелдеш 20-21-февраль күндөрү Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Мелдештин жүрүшүндө 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 80, 92, 110 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Тайманбас” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий