• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ишембиликтин алкагында 270 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында Бишкектин бардык райондорунда жалпы ишембилик өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага жалпысынан 507 мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъекттердин 15 миңден ашуун кызматкери катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ар кандай түрдөгү 615 түп бдарак отургузулду. 61 атайын техника тартылып, 270 тонна таштанды чыгарылды.

Тазалоонун жыйынтыгы боюнча:

- Ленин району: Жалпы шаардык ишембиликке 5190 адам катышып, 330 түп бак-дарак отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
- Октябрь району: шаарды жашылдандырууга 2825 жаран катышып, 130 түп бак-дарак отургузулду, 19 даана атайын техникалар тартылды.
- Биринчи май району: Жалпы шаардык ишембиликке 3709 адам активдүү катышып, 80 түп көчөт отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
- Свердлов району: 3375 адам катышып, 75 бак-дарак отургузулду, 8 бирдик атайын техника колдонулду.

Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Ишембиликке катышпаган адамдарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынат.

Пикир

Оставить комментарий