• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн кире беришинен аялга кол салган адам кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 02.05.22 /Кабар/. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тоноо фактысына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармакта 5-кичирайондогу көп кабаттуу үйдүн кире беришинин жанында турган аялдын жанына белгисиз адам келип, аны менен диалогго кирип, андан соң артынан кол салган видео тараган.

Ошентип, 2-февраль күнү жаран К.С. аттуу жаран милиция арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 28-январь күнү саат 21:00дөр чамасында борбор калаанын 8-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришине жакын жерде туруп, ага карата физикалык күч колдонуу менен сумкасын ээлегеп алып, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен кылмышкерге карата ачык түрдө чара көрүнү өтүнгөн.

Бул факты Октябрь районунун ИИБнын КЖБР катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин ("Каракчылык2) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ар тараптуу издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектелип, 1977-жылы туулган Ж.С. аттуу жарам кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий