• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте көркөм муз тебүү боюнча "Мэрдин кубогу" өтөт

Спорт 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан 3-декабрына чейин шаардык муз тебүү аянтчасында балдар, жаштар жана чоңдор арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаарынын “Мэринин кубогу” эл аралык турнири өтөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 90дон ашык спортчу катышат.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы КР Коньки тебүү федерациясы менен биргликте уюштурууда.

Белгилей кетсек, турнир Кыргызстанда көркөм муз тебүүнү жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана өлкөнүн мыкты муз тебүүчүлөрүн аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Маалымат үчүн: Ачылышы: 1-декабрь 2021-жыл, саат 16:00.

Дареги: Шаардык муз тебүүчү аянтча, Виноградная көчөсү 1/3

Пикир

Оставить комментарий