• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кайгуул кызматынын унаасы менен "Мерседес-Бенц Спринтер" кагылышты – окуя жеринен видео

Коом 0


Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Бишкекте бүгүн болжол менен саат 06:20да Көлбаев-Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде "Лада Приора" менен "Мерседс-Бенц Спринтер" унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Бишкек шаарынын комендатурасынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, жол кырсыгына кабылган эки унаанын айдоочуларын тез жардам кызматы Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кеткен.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы териштирилүүдө.

Окуя жериндеги видеону Facebook'тагы баракчасына Болот Ибрагимов жүктөгөн. Видеодо жеңил унаа Милициянын кайгуул кызматына таандык экени көрүнүп турат.

Пикир

Оставить комментарий