• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

Саясат 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-17-ноябрында Бишкек шаарында көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясынын иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн Парламент башчылары сессиянын биринчи күнүндө КМШ ПАА кеңешинин жыйынын өткөрөт.

16-ноябрда түштөн кийин КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын жана КМШ ПААнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, Социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияларынын отурумдары өтөт.

Ошондой эле бул күнү шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламентарийлери Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышат.

17-ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегация башчыларынын катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт.

Ушул эле күнү көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 56-пленардык жыйыны өтөт.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий