• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүнү көздөгөн "Көчмөн сыры" семинары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызпатент Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши менен бирге "Көчмөн сыры" темасындагы семинар өткөрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинарга министрликтердин өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, чеберлер, дизайнерлер катышат.

"Анда Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк жөнүндө маалымат алуу, жайылтуу, кайрадан жандантуу, өркүндөтүү жана ар кандай көйгөйлөрү жөнүндө талкуулоолор болуп, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши жана Кыргызпатенттин ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлат. Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн автордук эмгектери үчүн "Жаз кайрыктары" көргөзмөсү уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чара 2022-жылдын 25-апрелде саат 17:30 Эркиндик бульвары 58 дарегинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий