• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КРнын жана ТРнын президенттеринин катышуусунда кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт

Экономика 0

Биишкек, 01.09.18. /Кабар/.Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын расмий иш сапарынын алкагында Бишкекте эртең, 2-сентябрда кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. КР Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, эки өлкөнүн ишкерлеринин жолугушуусуна президенттер дагы катышышат.

Эске салсак, ушул жылдын 9-10-апрелинде болгон Жээнбековдун Түркияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында лидерлер тарабынан эки мамлекеттин ортосундагы товардын айлануусун 1 миллиард долларга чыгаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча иштерди күчөтүү чечими кабыл алынган.

Түркиянын президенти Бишкекке бүгүн, 1-сентябрда расмий иш сапары менен келди.

Пикир

Оставить комментарий