• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды

Спорт 0


Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты.

Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу эле спорттун бардык түрлөрүнөн футбол ага абдан жакын экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал ата мекендик футболду өнүктүрүү боюнча демилгелерге абдан ынтызар жана өлкөнүн ФИФАнын долбоорлоруна активдүү катышуусуна кызыкдар.

Мамлекет башчысы ошондой эле, мамлекеттик социалдык саясаттын эң маанилүү багыты калктын руханий жана физикалык саламаттыгына кам көрүү экенин, ал эми дене тарбия жана спортту өнүктүрүү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Ал кыргыз спортчуларынын акыркы мезгилдеги эл аралык мелдештерде жетишкен ийгиликтери элди бириктирип жана жаштарга күчтүү дем бергенин баса белгиледи. Президент мындан улам кыргыз эли Азия кубогунда улуттук курамадан да ушундай эле жогорку жыйынтыкты күтөрүн кошумчалады.

Соңунда президент Садыр Жапаров ата мекендик футболчуларга алдыдагы беттештерде жеңиштерди жана Кыргыз футбол союзуна жемиштүү иштөөнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий