• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан менен БАЭ ишкерлеринин жолугушуусу өтөт

Экономика 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. 20-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ишкерлеринин бизнес жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга БАЭден тамак-аш продукциясын импорттоого, мындан тышкары логистикалык кызмат көрсөтүү жана айыл чарба жана медициналык продукцияларды кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүгө кызыкдар 20 ишкер келет.

Жолугушууну даярдоо үчүн 6-февралда Бишкекке БАЭден Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышкан алдыңкы топ келди. Алар менен Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев жолугуп, Кыргызстандагы потенциалдуу инвесторлор үчүн түзүлгөн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, жеңилдиктер жана башка шарттар тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий