• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстандын квалификацияларынын улуттук системасы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 26-январында Бишкек шаарында Кыргызстандын квалификацияларынын улуттук системасы талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Улуттук квалификациялык кеңештин биринчи отурумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышуучуларга ачылыш сөзүн жолдоду. “Жалпы улуттук маселе турат, бул – атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу. Өлкөнүн негизги байлыгы – алтын да эмес, мунай да эмес, тоо кендери да эмес, эл”, – деди ал.

Улуттук квалификациялык кеңеш министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы №78 токтомуна ылайык түзүлгөн. Кеңештин ишмердүүлүгүнүн максаты – квалификациялардын улуттук системасын пландоо, жайылтуу жана өнүктүрүүгө баам салуу боюнча мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик жана менчик билим берүү мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын ишмердүүлүгүн координациялоо.

Квалификациялардын улуттук системасы – билим берүү сектору менен эмгек рыногунун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берген механизмдердин жыйындысы. Бул система квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын, аларды таануу жол-жоболорун, квалификацияларды, билим берүү уюмдарын жана программаларын баалоо системаларын камтыйт.

Отурумда билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлнур Жайнакова “Кыргыз Республикасындагы квалификациялардын улуттук системасы” темасында баяндама жасап, квалификациялардын улуттук системасынын түзүмү, функциялары тууралуу кеңири сөз кылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев өз баяндамасында Улуттук квалификациялык кеңештин максаты, милдеттери, функциялары тууралуу кеп кылды. КР ЭСКММ Эмгек жана жумуштуулукка көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талант Шаршеев квалификациялардын тармактык алкагын жана кесиптик стандартты иштеп чыгуунун методологиясы тууралуу айтып берди.

Мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү квалификациялар түшүнүгүнө карата заманбап ыкмаларды, алардын адам ресурстарын өнүктүрүүдөгү функцияларын жана кесиптик билим берүү системасындагы реформаларды талкуулшты.

Квалификациялардын улуттук системасы "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр" тарабынан колдоого алынып иштелип чыккан. Бул программа Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунда КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий