• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Мектеп бүтүрүүчүлөрү кайсы предметтер боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүлөт?

Билим 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан мектеп бүтүрүүчүлөрү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүлө турган предметтер тууралуу маалымат беришти.

Ага ылайык, 9-класстарда негизги жалпы билим берүү программалары боюнча тѳмѳнкү предметтерден жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо ѳткѳрүлѳт:

-математика (алгебра);
-эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик тилдери);
-Кыргызстандын тарыхы;
-кыргыз тили (окутуу орус, ѳзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгѳн мектептерде)
-орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептерде).

11-класстарда жалпы орто билим берүү программалары боюнча тѳмѳнкү предметтерден жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо ѳткѳрүлѳт:

-математика (алгебра);
-эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик тилдери);
-Кыргызстандын тарыхы;
-кыргыз тили (окутуу орус, ѳзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгѳн мектептерде)
-орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептерде) .

Гуманитардык, табигый-илимий жана физика-математикалык багыттагы жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жалпы билим берүү уюмдары, айрым предметтерди тереңдетип окуткан мекемелер ѳз алдынча тандоо предметин аныктай алышат.

Эске салсак, коронавируска байланыштуу 9чу жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.

Пикир

Оставить комментарий