• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Өлбөс полктун” жүрүшү башталды

Коом 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Өлбөс полктун” жүрүшү өтүүдө.

Жөө жүрүш Жеңиш паркынан башталып, Өчпөс отко чейин уланат.

Өз кезегинде, «Өлбөс полк» иш-чарасы Бишкектен сырткары, Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка калктуу конуштарда өтүүдө.

Эске салсак, Кыргызстан биринчи жолу “Өлбөс полк” акциясына 2012-жылы кошулуп, жүрүш Ош шаарында өткөн. Бишкекте “Өлбөс полк” акциясы 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Белгилей кетсек, оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери "Өлбөс полк" акциясы онлайн режиминде өтүп келген, бул ирет жүрүш кадимки режимде өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий