• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте курулуш компаниялардын алданган үлүшчүлөрү бийликтен жардам сурашты

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Бишкекте "Креатив М.Н." менен биргеликте "М Строй Групп" курулуш компаниясына алданган үлүшчүлөр "Кабар" агенттигинде маалымат жыйын уюштуруп, бийликтен жардам сурашты.

Үлүшчүлөрдүн бири Канат Эгембердиевдин айтымында, ага окшогон алдагандардын саны 253 үй-бүлөнү түзөт.

""М Строй Групп" курулуш компаниясы менен "Креатив М.Н." ЖЧКсы биргелешип шериктештик келишимин түзүшүп, "Көк-Жар плюс" турак жай комплексин кура башташкан. Бирок, 2018-жылдан бери убадаланган 5 объектинин экөөсү гана бүткөрүлгөн. Ошол күндөн бери 253 үй-бүлө же үйдөн жок, же батирден жок калдык. Арабызда өмүр бою Россияда иштеген жана өзүнөн жана балдарынан аяп акча чогулткан жалгыз бой энелер, карыганына карабай үй сатып алуу үчүн оор жумуштарда иштеген пенсионерлер, өмүр бою акча чогултуп келген карапайым адамдар, кызына кичинекей болсо дагы баш калкоочу жай калтырып кетүүнү каалаган онкологиялык оорулуулар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Дээрлик бардык үлүшчү катышуучулар ижара акысы кымбат батирлерде жашоого аргасыз болушуп, көпчүлүгү турак жай сатып алуу үчүн алган кредиттерин төлөп жатышат", - деди ал.

Эгембердиевдин айтымында, акыркы 3 жылдан бери үлүшчүлөр компаниянын жетекчилери менен соттошуп келишкен.

"Азыр "М Строй Групп" компаниясынын башкы директору Медетбек Бегинбаев Октябрь райондук соту чыгарган чечимдин негизинде 12 жылга эркинен ажыратылгандыктан үлүшчүлөрдүн көйгөйдү мыйзам жолу менен чечүү аракетинен майнап чыкпай, биздин маселебиз чечилбеген бойдон калууда", - деп кошумчалады ал.

Ал үлүшчү катышуучулар кошумча акча каражатын салуу менен үйдү өз алдынча бүтүрүү үчүн турак-жай курулуш корпорациясын түзүшкөнүн жана “Азат” үй куруу корпорациясына үйлөрүн аягына чейин куруп берүүнү суранганын кошумчалады.

"Бирок, көпчүлүк үлүшчү катышуучулар социалдык жактан калктын аялуу катмарына киргендиктен, бизде бардык үлүшчүлөрдөн каражат талап кылууга мүмкүн болбой жатат, анын үстүнө “Азат” корпорациясы бааны улам-улам көтөрүүдө. Биз биринчи жолу кайрылганыбызда "Азат" корпорациясы курулуштун квадрат метрин 200 миң долларга баалаган, бир канча убакыт өткөндөн кийин баа 270 миң долларга көтөрүлдү, ал эми азыркы учурда 340 доллар сурап жатат", - деди алданган үлүшчү.

Эгембердиев маалымат жыйыны 253 үй-бүлөнүн атынан уюштурулуп жатканын баса белгилеп, жогоруда айтылгандардын негизинде тиешелүү органдардан жана бийлик жетекчилеринен 10-15 жыл төлөө мөөнөтү менен төмөн пайызда мамлекеттик ипотека түрүндө жардам көрсөтүүнү, ошондой эле үлүшчү катышуучулар тарабынан минималдуу чыгымдар менен “Азат” турак жай корпорациясынын үйдү бүткөрүп берүүсүнө көмөк көрсөтүүнү суранды.

"Үлүшчүлөрдүн көбү Бишкек шаарында эместигинен жана эмгек мигранты катары чет жакта жүргөндүгүнө байланыштуу алардан баарын дайыма чогултууга мумкүн болбогондуктан бардык үлүшчүлөрдүн кызыкчылыгын “Феникс” турак жай-курулуш кооперативинин демилгечи тобу коргойт. Ушул жагдайда эске алып коюуңуздарды өтүнөбүз", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, 2018-2020-жылдары үлүштүк катышуучулар (250дөн ашык үй-бүлө) менен "М Строй Групп" курулуш компаниясынын ортосунда "Көк-Жар плюс" турак жай комплексин курууга үлүштүк катышуу келишимдери түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий