• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеште ломбарддардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында «Ломбард иши чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.

Депутаттардын суроолоруна Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров, экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жооп беришти.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров белгилегендей, мыйзам долбоору финансылык тейлөө алган керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, ломбарддар менен кардарлардын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга, кардарларга карыздын шарттары жөнүндө толук маалымат берүүгө, ломбарддык кредит боюнча жол берилген эң жогорку жылдык пайыздык ченди белгилөөгө жана ломбарддардын кредиттик бюролорго маалыматтарды өткөрүп берүү практикасын жоюуга багытталган.

Талкуу учурунда депутат Улугбек Ормонов ломбарддардын ишин жөнгө салуу менен бирге жеке тараптарга, бири-бирине жогорку пайыз менен акча берген жарандарга да көңүл бурууга чакырды. Эл өкүлү Бактыбек Чойбеков да сүткорлук ишмердүүлүгүн чектөө маселесин ортого салып, мыйзам долбоорун айтылган маанилүү аспектилерди эске алуу менен толуктоо үчүн биринчи окууга кайтарууну сунуштады. Бул сунушту депутат Аманкан Кенжебаев да колдоп, бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда кеңири коомдук талкуу өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору комитеттин кароосуна кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий