• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте майыптыгы бар жарандар арасында көркөм чыгармачылык фестивалы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бишкекте майыптыгы бар жарандар арасында 23-шаардык көркөм чыгармачылык жана прикладдык искусство фестивалы өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, маданий иш-чара 2023-жылдын 17-ноябрына чейин уланат.

Ачылыш аземге мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын директору Урмат Белекбаев катышты.

Фестивалга катышуу үчүн 1 миңге жакын уюмдан - 11 балдар, 17 чоңдор жана коомдук бирикмелерден, физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү менен алектенген фонддордон жана реабилитациялык борборлордон 28 арыз келип түшкөн.

Жыл өткөн сайын калыстар тобу аткаруучулук чеберчиликтин жана жамааттардын активдүү катышуусунун байкаларлык өскөндүгүн белгилешет.

Калыстар тобунда эл артистери, сүрөтчүлөр жана ЖОЖдун доценттери болду.

20 жылдан бери ышкыбоздордун искусство фестивалы жети номинация боюнча өткөрүлүп келет:
- вокал;
- хор музыкасы;
- көркөм окуу;
- музыкалык аспаптарда чыгармаларды аткаруу;
- мода көрсөтүү;
- пантомима;
- бий (жеке же топ).

Фестивалдын алкагында прикладдык искусство боюнча сынактар өтүп, катышуучулар кийиз, жыгач, токуу, макраме, шуру, металл жана акварель боюнча эмгектерин тартуулашат.

Пикир

Оставить комментарий