• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Бишкекте баңги тобунун ишмердүүлүгү токтотулуп, 10 кг "мефедрон" табылды

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, "мефедрон" баңги заты табылып алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Чүй облусунун Учкун айылынын боюндагы Манас аэропорту – Бишкек шаары унаа жолунда жалпы салмагы 9 кг 980 граммды түзгөн "мефедрон" синтетикалык баңги затын алып жүргөн 42 жаштагы Ж.А.Г. аттуу жаран кармалган. Аталган заттын 1 гр базар баасы 6000 сому түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 59 млн 880 миң сомго жеткен.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жогоруда кармалган адам тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

"Бүгүнкү күндө синтетикалык келип чыккан дары-дармектердин жаңы түрлөрүнүн динамикалык пайда болушуна байланыштуу, ошондой эле таратууну жана сатууну уюштурууда анонимдүүлүктү камсыз кылган коммуникация ыкмалары (Интернет мессенджерлери, социалдык тармактар) белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн жаштар кеңири тартылууда. Буга байланыштуу УКМКсы ата-энелерди балдарына ар дайым көз салып, алардын убактысын жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкан адамдар мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта да активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий