• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кыргызалтын" Баткендеги Чакуш кенинде геологиялык чалгындоо иштерин баштады

Аймак 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Баткен районундагы Чакуш кенинде “Кыргызалтын” ААК геологиялык чалгындоо иштерин баштады. Бул тууралуу "Кыргызалтын" компаниясынан билдиришти.

"Маалыматка ылайык, Кыргызалтын" ААК башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов Баткен районундагы Чакуш кениндеги геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

"Учурда бул багытта "Кыргызалтын" ААК өз күчү менен жер кыртышынын геологиялык түзүлүшүн жана курамын изилдөө, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө жана андан ары өнүктүрүү үчүн баалуу металл ресурстарын баалоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Ошону менен бирге ишканада кенди андан ары иштетип кетүүу боюнча техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, бул кендеги баалуу металлдын запасы 10 тоннадан ашык.

Белгилей кетсек, “Кыргызалтын” ААК өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан үч кенге чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө лицензия алган. Атап кетсек, Каракала-Терек жана Терек кендери Ош облусунун Алай районунда, Чакуш кени Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий