• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте маморгандардын эл аралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине семинар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Бишкекте маморгандардын эл аралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинар КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын борбордук мамлекеттик органдарынын эл аралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери үчүн мамлекеттик органдар тарабынан «Мамлекеттик органдардын КР тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» КР мыйзамын аткаруу маселелери боюнча өткөрүлдү.

Иш-чара Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын базасында КР мамлекеттик органдарынын 35тен ашуун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Семинардын жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан эл аралык ишмердүүлүк жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Мамлекеттик органдар тарабынан жогоруда аталган мыйзамдын аткарылышында келип чыккан кемчиликтер жана көйгөйлөр талкууланды. Министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнө талкууланган мыйзам актысынын жоболорун талапка ылайык аткаруу максатында мамлекеттик органдар тарабынан көрүлө турган чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Иш-чара КР тышкы саясатынын биримдигин камсыз кылуу максатында мамлекеттик бийлик органдарынын эл аралык ишмердүүлүгүн координациялоону күчөтүү боюнча тышкы саясат ведомствосу тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий