• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

400дөн ашык адам жайыттарды башкаруу боюнча окутууларга катышты

Коом 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 4нөн 10-июнга чейин Ысык-Көл облусунда үч облустун мамлекеттик жайыт жерлерин колдонуу жана башкаруу негиздери боюнча адистери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин жана Жайыт комитетинин төрагалары болуп 400 дөн ашуун адамдын катышуусунда окутуулар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти менен «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1» долбоорунун алкагында өткөзүлгөн тренинг жайыт пайдалануучулар үчүн тажрыйба алмашуунун чоң бир аянтчасы болду.

Тренингге келген Нарын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торорайонунун жана Ысык-Көл облусунун катышуучулары өзүлөрү үчүн жайыттарды пайдалануу жана аны башкаруу багытында бардык суроолор боюнча маанилүү маалыматтарды ала алышты. Алсак, Жайыттарды башкарууда жана аны пайдаланууда укуктук негиздери, жайыттарды колдонуу тармагындагы административдик жоопкерчилик, жайыт тилкелеринин чек араларын аныктоо тартиптери жана талаш жараткан маселелерди чечүү, Жайыттарды пайдаланууда жана башкарууда климаттын өзгөрүшүн эсепке алуу, жайыттын түрлөрү жана жайыттын өсүмдүүлүгү, жайыт тилкелеринде GPS навигатор жабдуусу менен картага маалыматтарды түшүрүү, тактоо жана аныктоо жана башка жайытка тиешелүү болгон маселелердин алкагында темалар болду.

Пикир

Оставить комментарий