• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Мектептер-2030" глобалдык форумун өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Быйыл Бишкекте "Мектептер-2030" глобалдык форумун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумду өткөрүү маселе билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандагы Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугуштуусунда талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда тараптар кызматташуунун багыттарын, атап айтканда мектепке чейинки жаштагы балдарга билим берүүнү талкуулашты.

Белгиленгендей, аталган форумду 2024-жылдын июнь айында Бишкек шаарында өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий