• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиянын аэропортунда документтерин жоготуп алган кыргызстандыкка көмөк көрсөтүлдү — ТИМ

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Россиянын аэропортунда документтерин жоготуп алган кыргызстандыкка көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине А.К. аттуу КР жараны эки күндөн бери документтери жоголгонуна жана Кыргызстанга учуп кетүү мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгына байланыштуу “Шереметьево" эл аралык аэропортунун стерилдүү зонасында жүргөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн.

Бул факт боюнча элчиликтин вице-консулу Кыргызстандын жаранына көмөк көрсөтүү үчүн аэропортко барган. Натыйжада 1974-жылы туулган А.К. аттуу КР жараны 9-июнь күнү саат 01:35 чамасында Москва-Ош каттамы менен учууга чек ара көзөмөлүнөн өткөндөн кийин, жекелигин тастыктаган бардык документтерин жоготуп алганы аныкталган.

Аталган жаран Кыргызстанга тоскоолдуксуз кайтып кетүүсү үчүн “Шереметьево” эл аралык аэропортунда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара көзөмөл отряды менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 10-июнда ага мекенине кайтуу күбөлүгү жасалып берилип, жакынкы аба каттамга билет алууга көмөк көрсөтүлдү, ал 12-июнь күнү саат 08.00дө Кыргызстанга ийгиликтүү учуп кетти.

Элчилик Кыргызстандын жарандарынан өздүгүн тастыктаган документтерине сак болууну жана этияттык менен мамиле кылууну өтүнөт.

“Ошондой эле бардык документтердин ксерокөчүрмөсүн жасап, аларды коопсуз жерде сактоону сунуштайт, анткени паспортуңуздун, ID картаңыздын, аскер билетинин же айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсүнүн болушу идентификациялоону жана Кыргызстанга кайтуу күбөлүгүн берүүнү тездетет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий