• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамкурулуш: Кочкор жана Большевик айылдарынын башкы пландары бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Кочкор районун Кочкор жана Большевик айылдарынын башкы пландары бекитилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, агенттиктин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун калктуу пункттардын башкы пландарын долбоорлоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлеринин Кочкор районуна болгон иш сапары жыйынтыкталды.

Иш сапардын жыйынтыгында Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн Кочкор жана Большевик айылдарынын башкы пландары даярдалды.

"Даярдалган башкы пландар Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Алишер Асанов менен биргеликте Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн депутаттарына талкууга коюлуп, сессия жыйынтыгы менен бекитилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий