• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Mezzo Forte оркестринин концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Борбор калаада 29-апрелде Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүүчү «Вальс кечеси» Mezzo Forte оркестринин концерти менен уланат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, концертте дирижер Азамат Кулубековдун жетекчилиги астында ата мекендик эстрада жылдыздары менен биргеликте 2000-жылдардагы музыкалык шедеврлерди аткаруу менен жагымдуу маанай тартууланат.

Белгилей кетсек, иш-чара Бишкек шаарынын туулган күнүнө арналат.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун бирге жагымдуу атмосферада популярдуу ырлардан ырахат алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий