• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция адашкан 4 жаштагы кызды атасына жеткирип берди

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Бишкекте милиция адашкан 4 жаштагы кызды атасына жеткирип берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 20-апрелде болжол менен саат 18:00дө Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Дордой 2 көчөсүндө кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке барган кайгуул кызматкерлери 4 жаштагы кыз адашып жүргөндүгүн көргөн жарандар милицияга кабар бергендигин такташкан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кыздын жашаган дарегин аныктап, көп узабай атасын таап, сак-саламат жеткирип беришкен.

Пикир

Оставить комментарий