• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркүн түстүү жоогазындар. Шаар тургуну көп кабаттуу үйдүн короосун гүлбакчага айланткан

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Facebook колдонуучусу Ольга Волосатых 11-кичирайондогу жергиликтүү жашоочу курган гүлбакчанын сүрөттөрүн жарыялаган.

“11-кичирайондун жашоочусу өзү жашаган көп кабаттүү үйдүн айланасын жана өзү жашаган батирдин терезелерин гүлзарга айланткан. Жоогазындардын бары гүлдөп турат, мен ушул сулуулукту аралап өтүп машыгууга барам жана ар күнү кандайдыр бир жаңычылдыктарга күбө болом: бир күнү гүлбакчага, бир күнү кооздолгон тосмого илинген кутучаларга, бир күнү үйлөр менен гүлзардын ортосундагы жаңы курулуп жаткан аянтчага. Бүгүн жоогазындуу короонун ээси терезеден көрүндү. Көп кабаттуу үйдүн короосун гүлзарга айланткан адамдын колдору дагы, жылмайганы дагы жоогазын сыяктуу жагымдуу”,-деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий