• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги: 2010-жылдын апрель-июнунда жабыркагандарга төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөк пулдун өлчөмү көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго чейин көбөйгөн.

Бүгүнкү күндө ай сайын кошумча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды түзөт, алардын ичинен:

  • 18 жашка чейинки балдар – 194 адам;
  • майыптыгы бар адамдар – 215 адам;
  • ата-энелер – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий