• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте «Мыкты троллейбус айдоочусу» аттуу чеберчилик сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабынан « Мыкты троллейбус айдоочусу» аттуу чеберчилик сынагы өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш ишкананын атайын жабдылган Депо-1 полигонунда уюштурулган.

Мелдеш эки этапта өттү. Биринчи бөлүктө айдоочулар жол кыймылынын эрежелери, кызматтык нускамаларды билүү жана троллейбустардын техникалык абалы боюнча сынак тапшырышты.

Биринчи этапта экзамендерди ийгиликтүү тапшырган айдоочулар экинчи бөлүккө кабыл алынып, андан соң тоскоолдуктардан өтүп, троллейбустун рулунда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Мелдештин негизги максаты - жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу. Катышуучулар үчүн профессионалдык чеберчилик таймашы өз даражасын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Ал биринчи үчөөнө автоматтык түрдө берилет.

Мыкты троллейбус айдоочусу наамы үчүн 11 айдоочу ат салышты.

Биринчи орунду №14 троллейбустук каттамдын айдоочусу Жаныбек уулу Фархад, экинчи орунду №11 каттамдын айдоочусу Кубаныч Байматов жана үчүнчү орунду №7 маршруттук каттамдын айдоочусу Атай Огонбаев багындырды.

Мындай иш-чаралар бардык транспорттук ишканаларда дайыма өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий