• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте оор атлетика боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Бишкекте жаштар жана чоңдор арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 28-30-январда Бишкектеги "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде өткөрүлдү.

Жалпы жонунан чемпионатка өлкөнүн 12 командасынан кыздар жана эркектер арасында 130 спортчу катышты.

Балбандар төмөнкү салмакта күч сынашты:

Өспүрүмдөр арасында:

Эркектер 45, 49, 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 96 кг жогору;

Кыздар 41, 45, 49, 55, 55 кг жогору.

Чоңдор арасында:

Эркектер 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, 109 кг жогору;

Аялдар 45, 49, 55, 64, 64 кг жогору.

Пикир

Оставить комментарий