• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: "Реал" менен "ПСЖ" оюну 2:2 эсебинде аяктады

Спорт 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 5-турунда мадриддик "Реал" командасы менен франциялык "ПСЖ" клубунун ортосунда оюн болуп өттү.

"Реалдын" чабуулчусу Карим Бензема оюнда дубль жасаганга жетишти. Ал беттештин 17, 79-мүнөтүндө гол киргизди. Франциялык клубдун чабуулчусу Килиан Мбаппе 81-мүнөтүндө, Пабло Сарабия 83-мүнөттөрдө гол киргизип, эсепти теңегенге жетишти. Оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Эки команда А тайпада жайгашкан. "ПСЖ" 13 упайы менен тизменин алдыңкы орунунда турса, "Реал" командасы 8 упайы менен экинчи орунда турат.

Белгилей кетсек, 26-ноябрга жана 27-ноябрга караган түндө бир катар оюндар болуп өттү. Алар "Локомотив" менен "Байер" (0:2), "Галатасарай" менен "Брюгге" (1:1), "Тотенхэм" менен "Олимпиакос" (4:2), "Манчестер сити" менен "Шахтер Донецк" (1:1), "Ювентус" менен "Атлетико" (1:0), "Црвена Звезда" менен "Бавария" (0:6), "Аталанта" менен "Динамо Загреб" (2:0).

Пикир

Оставить комментарий