• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын бильярд боюнча командасы абдан күчтүү – Беларусиядан келген спортчу

Спорт 0

Чолпон-Ата, 08.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын бильярд боюнча командасы абдан күчтүү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бильярд боюнча дүйнө чемпионатында кабарчыларга Белорусия курамасынын мүчөсү, эки жолку дүйнө чемпиону Екатерина Перепечаева кабарлады.

Перепечаева белгилегендей, ал кыргызстандык спортчулар Каныбек Сагынбаев жана Дастан Лепшаковдорду жакшы тааныйт.

“Менин оюмча Кыргызстанда бильярд боюнча мектеп абдан күчтүү. Каныбек Сагыналиев бильярд боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Кыргызстандын бильярд боюнча мектеби абдан күчтүү. Бул жакта балдар мектеби да бар. Дастан Лепшаков да дүйнө чемпиону. Мыкты кыздар да бар. Атаандаштар абдан күчтүү, ошол себептен абдан даярданып, даяр болуу керек”, - дейт спортчу.

Перепечаеванын айтуусу боюнча, Белорусь Республикасынан 4 күчтүү спортчу келген. Алардын баардыгы алтын медаль алууну максат кылышты.

“Мен Кыргызстанга биринчи ирет келдим. Биз шаарды көрүү, аны кыдыруу үчүн бир күн эрте келдик. Мага бул жак абдан жакты. Көл абдан кооз жана жылуу экен”, - дейт Екатерина Перепечаева.

Пикир

Оставить комментарий