• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте санитардык талаптарды бузган кафе, тойканаларга айып салынды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 11.08.20 /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы (СЭИ) санитардык талаптарды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жакында Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан "Нур-Суфра" тойканасынын администрациясы "куран окутуу" иш-чарасын өткөрүп жаткан. Ал жакта санитардык нормалар сакталбай, эл көп чогулган.

“СЭИ инспекторлору Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүп, 2 категориядагы айыппул салды”, - деп билдиришти муниципалитеттен.

Дем алыш күндөрү ушундай бузуулар "Улуу-Тоо" чайканасында, "Главпивтрест" кафесинде, компьютердик жана бильярд клубдарында аныкталды.

“10 күндүн ичинде 80 миң сомго 20 протокол түзүлдү. Санитардык рейддер улантылууда”, - деп кабарлашты мэриядан.

Бишкек мэриясы ишкерлерлерден санитардык талаптарды сактоону суранат.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Пикир

Оставить комментарий