• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте чуңкурларды оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордогу чуңкурларды оңдоо иштерин улантууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кемчиликтерди жоюу боюнча бригада дем алыш күндөрү Л.Толстой көчөсүндө Т. Фрунзе көчөсүнөн Ж. Гвардия бульварына чейин (түштүк тарабы) иштешти.

Учурда адистер түндүк тарабында иш алып барышууда.

Мындан тышкары, иштер Кулиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Токтогул көчөсүнө чейин жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Курманжан Датка көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектиси боюнча Лермонтов көчөсүнөн Т. Молдо көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Исанов көчөсү Ташкент көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Манас проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде, ошондой эле Юнусалиев көчөсү, 102/4 даректеринде жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий