• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте сейил бакты оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунда дагы бир жашыл аймак реконструкциядан өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайк, Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев "Физкультурный" сейил бакчасын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

“"Тазалык" муниципалдык ишканасы 3 миң 750 чарчы метр аянтка таман таш төшөп, 2 миң метрге жакын тротуардын жээк таштары орнотулууда, 57 отургуч жана таштанды челектери техникалык кароодон өткөрүлөт.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы 800 метрге жакын электр чубалгыларын тартты, жерден жанып турган чырактар үчүн 32 бетон пайдубалы орнотулду. Бул багыттагы иштер улантылууда”,- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий