• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда ата-энесинин камкордугунан ажыраган 470 балага депозиттик эсеп ачылган

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ата-энесинин камкордугунан ажыраган 470 балага депозиттик эсеп ачылган. Бул тууралуу бүгүн облустун 2021-жылдын үч айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Облус аймагындагы балдардын саны 2021-жылдын 1-апрелине карата 506ны түзүп, алардын ичинен, депозиттик эсепке 1 млн 708 миӊ 429 сом акча каражаты депозиттик эсепке түшкөн.

Облусттук коллегияда ата-энесинин камкордугунан толук же жарым ажыраган балдар үчүн жериндеги банкттарда депозиттик эсептердин ачылгандыгы, аларга акча каражатынын түшкөндүгүн ɵз убагында көзөмөлдөө Аксы, Базар-Коргон, Ноокен райондук мамлекеттик администрациялары, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаардык мэриялары тарабынан тиешелүү деңгээлде иш алып барылбагандыгы маалымадалып, район-шаар башчыларына тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий